Бишкек мэриясы Ак-Өргө конушундагы жолдорго кум-шагыл төшөөнү жандантты.
Кеп, Алтын-Бакан, Бекет, Үркөр көчөлөрү тууралуу болуп жатат. Иштерди Капиталдык
курулуш башкармалыгы жарыялаган сынакты жеңген эки ишкана жүргүзөт.
Иштерди жүргүзүү үчүн макулдашылган баа 1 миллион 300 миң сомду түзөт.