Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө чектөөлөр киргизилди. Анын Горький – Медеров тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлөт, — дешти мэриядан.
Маалыматка ылайык, кайра калыбына келтирүүнүн алкагында көчө кеңейтилип, жалпысынан 9 метрге жетет, ал эми жалпы узундугу дээрлик 2 чакырым. Кийин муниципалитет көчөнү оңдоону улантуу ниетинде, бирок анын Ахунбаевден Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүн.
Эске салсак, иштер кытайлык гранттын эсебинен жүрүүдө.