Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 9 миңден ашык милиция
кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Novosti.kgге Ички иштер министрлигинин
басма сөз кызматынан билдиришкендей, күч түзүмдөрү 30-августтан 1-сентябрга чейин
күчөтүлгөн тартипте иштейт. Иш-чаралар өтүп жаткан учурда республикадагы
бардык милиция бөлүмдөрү жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөйт.