Бишкекте 18-октябрь, дүйшөмбүдөн тартып каттамга чыга турган автобустар
кайсы линия боюнча жүрөөрү айтылды. Мэриядан тастыкташкандай,
№34, 21 жана 46-номурдагы коомдук унааларга 10дон кошумча автобус
жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Алсак, №34-автобус — «Шоро» фирмасы — Жеңиш
конушу боюнча, № 21 автобус — Биримдик — Бакай-Ата конуштары аралыгында,
ошондой эле №46-автобус — «Дордой» базары — Эне-Сай
конушу — Чоң-Арык айылы багытында жүрө баштайт.