Ысык-Көлдө туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот.
Бул тууралуу novosti.kgге Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул күнү маданий программа, көргөзмөлөр, жарманкелер, этникалык оюндар жана сынактар пландаштырылууда.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын туристтик потенциалын эл аралык коомчулукка көрсөтүү.