Каракол шаарын өнүктүрүү программасындагы долбоорлор быйыл ишке аша баштайт.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага Акылбек Жапаров аталган шаарды өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты.
Анда жалпы суммасы 885 миллион сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.
Долбоорго ылайык, бюджетке киреше алып келүүчү — муниципалдык базар, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү пландарга басым жасалат.
Мындан сырткары, шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.