Оштон Түркиянын Анталия шаарына биринчи чартердик каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Ош-Анталия багыты боюнча алгачкы чартердик каттам менен 184 жүргүнчү учуп кетти.
Каттамдар жумасына 2 жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.