Ата мекендик авиакомпания Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учак 30-августта Пакистандын эң ири шаарларынын бирине конду.
Белгиленгендей аталган багыт боюнча туруктуу каттам биринчи жолу ачылып жатат.
Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.