Кыргызстанга Германиядан туристтер поезд аркылуу келе баштады. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, алгач саякатчылар учак менен Алматыга келген.
Андан соң 5-сентябрда тур үчүн жаңы түзүлгөн поезд менен Кыргызстанга келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө туристтер Боом капчыгайынын көркүнө күбө болуп, “Рух Ордо” маданий борборунда болуп, Ысык-Көлдү кыдырган. Туристтер Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барып, андан соң Германияга кайтышат.