Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.
Тиешелүү буйрукка төрага Талант Мамытов кол койду.
Мажитов 1976-жылы 20-декабрда туулган.
Жогорку юридикалык жана экономикалык билими бар, юридикалык илимдердин кандидаты.
Буга чейин Кыргызстан Эл аралык университетинин филиалында окутуучу, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты, юрист, Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы жана башка кызматтарда иштеген.