31-декабрга чейин Бишкектин бир катар жерлеринде митинг уюштурууга тыюу салган чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, аталган райондун акимчилигинин арызын канааттандырды.
Натыйжада төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды:
«Ала-Тоо» аянты жана Эркиндик бульварынын Линейная (темир жол бекети тараптан башталат) көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
Жогорку Кеңештин имаратынын тегерек-чети;
президенттин администрациясынын тегерек-чети;
Жогорку Соттун имаратынын тегереги;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин айланасы;
УКМКнын имаратынын тегерек-чети.
Маалыматта «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө боло тургандыгы айтылган.