Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 22,5 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду.
Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактары ишканасынан билдиришти. Шаймандар Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен сатылып алынды.
Жалпысынан программанын алкагында 30 миң прибор орнотулат.