Улуттук банк март айында экинчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жолу чет элдик валютаны сатып алды. Жалпысынан 9 миллион доллар бүтүм жасалган күндөн башка эсептешүү менен алынган.
Белгилеп кетсек, Улуттук банк чет элдик валютаны рыноктон акыркы жолу 2022-жылдын июнь айында сатып алган.