Токтогулда суунун көлөмү 11 млрд 866 куб метрди түздү

Бүгүн, 27-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 866 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 23 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 403 куб метрге жетүүдө.