Адилет Шадыканов Азия оюндарында карате боюнча күмүш медаль алды

Кыргызстандын карате-до боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медаль алды.

 

Ал финалдык беттеште ирандык спортчу Саджад Ганжзаде менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү азасын тартты

 

Спортчу 84 кг жогоркулар арасында беттешип, алгач непалдык спортчуну 5:1 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда Сауд аравиялык атаандашын утуп, финалга чыккан.