Айдоочуларга бүгүн жолдо жүрүүдө этият болуу сунушталат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта өлкө аймагында аба-ырайы кескин бузулуп, жаан, кар жаайт, жолдордо муз тоңуп, тумандан көрүү начарлайт.
Авариялык абалдарды жаратпаш үчүн ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты жана жол эрежесин сактап жүрүү керек.