Ордо калаада автобустардын саны күн сайын өсүүдө

Ордо калаада автобустардын саны күн сайын өсүүдө. Мэриядан билдиришкендей, акырындап маршруттук линиялар автобустук каттамдарга алмаштырылып жатат.

 

Эгер буга чейин шаар тургундарын ташууга күнүнө 320-330 автобус каттамга чыкса, бүгүнкү күндө алардын саны 430га чукулдады. Келечекте Бишкектин борбордук бөлүгүндө бир гана автобустар жүрүп калат. Ал үчүн ордо калаа бийлиги жаңы транспорт сатып алууну быйыл дагы улантат.