Бишкектин Түштүк магистралында бүгүн ири жол кырсыгы катталды

Бишкектин Түштүк магистралында бүгүн ири жол кырсыгы катталды. Болжол менен күндүзгү саат 3тө 4 унаа кагылышты. Анын ичинде маршруттук такси дагы бар. Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынын алдын ала маалыматына ылайык, 4 адам жабыркады.

 

Анын бири ооруканага бара жатканда жан берди. Жеринде милиция иштеп жатат. Авариянын чоо-жайы такталып жатат.