Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы мелдеште алтын утту

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын медаль алды. Ал финалда АКШлык балбан кыз Кайла Мираклды 7:0 эсебинде жеңди.

 

Аталган спорттук мелдеште 68 кг чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан кыздар Нурзат Нуртаева жана 76 салмакта Айпери Медет кызы күч сынашат.