Эгемендүүлүк күнүнө карата Ошто бир катар соцобъектилер ачылат

Ош шаарында быйыл 3 бала бакча, 2 мектеп жана бир медициналык борбор пайдаланууга берилет.

 

Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, объекттердин ачылышы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө белгиленди.

 

Маалыматка ылайык, бала бакчалар 75 жана 100 орундуу, ал эми мектептер 225 жана 500 орунга чакталган. Медициналык борбор болсо №5 поликлиниканын филиалы болот.