АКШ Кыргызстанга кезектеги ирет Pfizer вакцинасын тапшырды

АКШ Кыргызстанга кезектеги ирет Pfizer вакцинасын тапшырды.

150 миң дозадагы препарат ушул дем алышта өлкөгө келип түштү, — деп

билдирди республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара

Ишенапысова.  Коронавируска каршы препарат  COVAX программасынын

алкагында тапшырылды. Аталган вакцина менен кыргызстандыктар эки

дозада эмделе алышат. Белгилеп кетсек, АКШ былтыр октябрдан бери

Кыргызстанга аталган препараттын 450 миң дозасын тапшырды.