АКШ тургундары «арзандатуу жумасында» онлайн-сатып алууларга 9 миллиард доллар коротту.
Пандемияга байланыштуу америкалыктардын басымдуу бөлүгү арзандатуу күнүндө буюмдарды
интернет аркылуу сатып алышты. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу бут кийим жана
зер буюмдарга суроо-талап төмөндөдү. Бирок тиричилик техникасы жана смартфондор көп сатылды.
Эске салсак, былтыр АКШда «арзандатуу жумасында» 7 миллиард 400 миллион сомго соода жүргүзүлгөн.