АКШда полицияга 11 миң жолу чалган аял кармалды

АКШда полицияга 11 миң жолу чалган аял кармалды.

 

Аялга тартип сакчылардын жардамы керек болгон эмес, ал жөн гана офицерлер менен урушуу үчүн чалчу. Бир сутканын ичинде 512 жолу чалгандан кийин ага полиция эскертүү кагазын жөнөткөн.

 

Буга карабай, аял токтоп калган эмес. Андан соң Карла Джефферс камакка алынды. Көп өтпөй ал 400 доллар кепилдик алдында кое берилди.