Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, минкаб төрагасы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

 

Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлаары күтүлүүдө