Акжол Махмудов эки жолку Дүйнө чемпиону болду

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов алтын медаль тагынды. Грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта күч сынашкан Махмудов финалдык беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду жеңди.

 

Махмудов спорттун бул түрүнөн экинчи жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы кыргызстандык болуп калды. Ал бир жыл мурда дагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган болчу.