Тогуз-Торо районундагы өрт чыккан мектепте сабактар 2 сменада уланат

Тогуз-Торо районундагы өрт чыккан мектепте сабактар 2 сменада уланат.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, аталган аймактагы

жаңы мектептин курулушу бүтө электигине байланыштуу окуучулар сабактарды

эски жараксыз абалдагы эки корпуста өтүп келишкен. Чыккан өрттөн улам

эми бир эле корпуста 2 сменада билим берилет. Учурда эски мектепте

239 окуучу билим алууда. Ал эми жаңы корпустун курулушу 65 пайызга

аткарылды. Мекеме 225 окуучуга чакталат.