Кыргызстанга Малайзиянын тышкы иштер министри келди

Кыргызстанга Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир расмий сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.

 

Аны КРдин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чакырган. Сапардын алкагында министрлер менен сүйлөшүүлөр, президент Садыр Жапаров, ЖК төрагасы Нурлан Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар пландалган.
Анда тараптар кыргыз-малайзиялык мамилелерди бардык багытта жакшыртуу маселесин талкуулайт.