Бүгүнтөн тарта Кыргызстандын аймактарындагы мектептер кайра ачылды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жер-жерлерде окуучулар оффлайн окууга өттү.
Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөн болчу.
Ал эми Бишкектин мектептеринде онлайн билим берүүнүн мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылган.
Кышкы каникул быйыл мектептерде 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат.