2021-жылдын 1-июлуна карата жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын жалпы
саны 3,5 миллиондон ашты. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу
карталардын саны 15,3%га көбөйгөн, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.
Түрү боюнча төлөм карталарын бөлүштүрүү төмөнкүчө болгон:
- «Элкарт» улуттук системасы — 2 млн 269 миң (64,8%);
- VISA — 1 миллион 51,5 миң (30%);
- MasterCard — 52,8 миң (1,5%);
- Золотая Корона — 118,9 миң (3,4%);
- Union Pay International — 11,5 миң (0,3%).