Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты.
novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде
аймактык 2 бөлүмдүн кызматкерлери жана оор техникалары иштеп жатат.
Тилсиз жоо эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча өрттөн каза тапкан адамдар катталган жок.