Ордо калаада 7 стационар ишин токтотту

Ордо калаада 7 стационар ишин токтотту.

Мэриядан билдиришкендей, Эми “Сейтек”, №95-83-81-94-мектептердеги жана

2 кафенин базасында ачылган стационарлар жабылды. Андагы медициналык жабдуу,

орундук жана башка каражаттар сактоочу жайга киргизилди. Акыркы суткада күндүзгү

стационарга 964 бейтап кайрылса, түнкүдөн болгону 173 адам жардам сураган.

Аталган мекемелерде дезинфекциялоо иштери аткарылды. Мекеменин жабылышы менен

медициналык кызматкерлердин саны да саны кыскартылды. Учурда стационарлардагы

бейтаптарга дарыгер, медайым жана санитар, ыктыярчылар жардам беришүүдө.