Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернатында 23 бала ууланып ооруканага түштү. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. Маалыматка ылайык, жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер.
Алар түндө Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилди. Балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышты. Абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
Окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп жатат.