Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Зилзала 17-мартта саат 08:50дө езилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, анын күчү Баткен районунун Самаркандек айылында 2,5 баллга чейин жетти.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.