Парламент депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 19-сентябрга чейин жарыяланат.
БШКнын маалыматына ылайык, жарандар алардан өздөрүн тактап, маалымат туура эмес болсо, аны ондошу керек.
Бул иштерге 13-ноябрга чейин убакыт берилет. Добуш берүүчүлөрдүн акыркы такталган тизмеси 21-ноябрга дейре бардык шайлоо тилкелеринде илинет. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.