Японияда өзгөчө кырдаал режими толугу менен алынды

Япониянын бардык аймактарынан өзгөчө кырдаал режими толугу менен алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ апрель айында өлкөгө киргизилген чектөөнү жокко чыгарды. «Өзгөчө кырдаал режими өлкөнүн бардык аймактарынан алынды«, — деп билдирген Абэ.

 

Белгилей кетсек, 8-апрелде алгач Токионун аймактарына жана 6 башка префектураларына өзгөчө кырдаал киргизилип, кийин бардык аймактарга жарыяланган.

 

Абэ өлкө 1 жарым айда эпидемия менен күрөшө алды деп билдирип, бирок коронавирустун экинчи толкунуна жол бербөө үчүн элдин бардык эрежелерди сактоосун сунуштады. Эгер эпидемиологиялык абал кайра начарласа, өзгөчө кырдаал режимин кайра киргизүүгө туура келерин белгилеген.