Бишкекте банк терминалдарынан 996 миң сом жана 2 миң доллар уурдаган милиция кызматкери кармалды

Бишкекте банк терминалдарынан 996 миң сом жана 2 миң доллар уурдаган милиция кызматкери кармалды. 24 агенттигинин маалыматына ылайык, ал Ички иштер министрлигинин адистештирилген кароол кызматы башкармалыгынын кызматкери болгону аныкталды.

 

Суракта ал терминалдарды кантип ачуу керектигин, чиптер кайда сакталганын билип алып, акча уурдап жүргөнүн мойнуна алды.

 

Милиционер уурдаган суммасын толугу менен кайтарып бергендиктен, сот аны үй камагына кое берди.