Бишкектиктер ковидге каршы вакцина алуу үчүн онлайн кезекке турса болот

Бишкектиктер ковидге каршы вакцина алуу үчүн онлайн кезекке турса болот.

Мэриядан билдиришкендей, vc.emed.gov.kg. сайтына баш багып, “электрондук кезек”

бөлүмүнө кирип керектүү маалыматтарды толтуруу керек. Андан кийин смартфонго

электрондук кезек күтүүнүн талонун көчүрүү зарыл. Мындай чара эмдөө учурундагы

адамдардын байланыштын азайтып, вирустун тарашын төмөндөтөт. Белгилеп кетсек,

учурда Кыргызстанда кытайлык “Синофарм” жана россиялык

“Спутник V” препараттары менен эмдөө жүрүп жатат.