Кыргызстанга Өзбекстандан мал жана эт ташууга киргизилген чектөө алынды

Кыргызстанга Өзбекстандан мал жана эт ташууга киргизилген чектөө алынды.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ошондой эле, АКШдан Кыргызстанга канаттууларды жана канаттуулардын этин алып келүүгө уруксат берилди.

Эске салсак, Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат Өзбекстан менен АКШга байланыштуу убактылуу чектөө чараларын былтыр сентябрда киргизген.