Байтик, Кой-Таш, Арашан жана Заречное айылдарында блок-посттор мыйзамдуу коюлган

Байтик, Кой-Таш, Арашан жана Заречное айылдарында блок-посттор мыйзамдуу коюлган. Бул тууралуу 24 агенттигине өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди.

 

Анын айтымында,  постторду орнотуу чечимин айыл өкмөт башчылары обладминистрациянын макулдугу менен кабыл алган. Айылдын тургундары карантинге карабай, Бишкекке көп каттагандыктан, ушундай чечим кабыл алынган, — деди Намазалиев.