Бишкекте олуттуу себепсиз жүрүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат. Ордо калаа милициясынан эске салышкандай, шаар тургундары дарыкана, дүкөн жана ооруканага гана бара алышат, жанында документтери жана маршруттук баракчасы болушу керек.
1-майдан тарта айрым уюмдардын кызматкерлерине гана иштөөгө уруксат берилген. Талапты аткарбагандар 3 миң сом айыпка тартылат.