Ат-Башы райондук электр тармактары жаңы трансформаторлорду орнотууда

Нарын электр тармактар ишканасы «Кыргыз улуттук электр тармактар» ААКтын капиталдык курулуштун эсебинен бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштерин улантууда.

 

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ат-Башы районуна бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштери аяктап калды.

«уга чейин эскилиги жеткен 160 кВА трансформаторлор айыл тургундарынын керектөөсү оскөндүгүнө байланыштуу, суук катуу жүргөн аймакта өз нормасынан 33% пайызга ашыкча жүктөм менен иштеп келген, эми кубаттуулугу жогору 250 кВА трансформаторго алмаштырылууда», — деп айтылат маалыматта.

 

Мындан сырткары, Бирлик жана Өзгөрүш айылдарына кошумча 900 метр 10 кВ жана 2 чакырым 0,4 кВ аба чубалгыларын тартып, 10/0,4 кВ 1 даана трансформатор орнотулуп,жалпы 11 чакырым электр чубалгылары тартылган.

 

Жасалып жаткан иштер калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууу максатында жүргүзүлүүдө.