Өзгөн базарындагы 87 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Өзгөн базарындагы мыйзамсыз сатылган 87 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Иштин жүрүшүндө Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталган.

 

Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

 

Жыйынтыгында 87 млн 57 миң сомго бааланган Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 чарчы метрди түзгөн жер тилке Өзгөн шаардык мэриясынын балансына алынып, мамлекеттик каттоо органы тарабынан тийиштүү мамлекеттик акты берилди.