Ат-Башы районунда алыскы бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясы тартылууда

Ат-Башы районунда алыскы бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясы тартылууда.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 жылдан ашык заставанын күнүмдүк жашоо

тиричилиги дизелдик электр станциясынан көз каранды болуп келген, андан улам электр

энергиясы чектелген көлөмдө белгилүү убакта гана берилчү.  Трансформатор жана

мамычалар орнотулду. Жумушчулар подстанциянын ишин жөнгө салып, зымдарды тартып жатат.