Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы башчысы шайланды.
Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муфтий болуп
Замир Ракиев бекитилди. Курултайга катышкан 220 адам бир добуштан
Ракиевдин талапкерлигин колдоду. Ал буга чейин Бишкек шаарынын
казысы болчу. Белгилеп кетсек, муфтийликке 9 талапкер ат салышты.