Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу “Шамбет” каналын реконструкциялоо иши башталды.
Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, калыбына келтирүү жумуштарына 15 миллион сом бөлүнгөн.
Учурда долбоордук-сметалык документтер аяктап, каналдын алгачкы жумуштары жасалып жатат. “Шамбет” каналы буга чейин Кара-Суу айылынын 875 гектар жер аянтын сугарууга пландаштырылса, реконструкциялоодон кийин Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын сугат жерлерин камтып, жалпы 330 гектар аянтка кеңейтилет.