Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды

Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды. Мэрия маалыматы боюнча, батирин ижарага бергендер айына 1 чарчы метр үчүн 30 сомдон, жер үйлөргө 40 сомдон салык төлөшү шарт.

 

Андан тышкары, Соцфондго 919 сом төгүп, камсыздандыруу полисин алышы керек. Болбосо жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.