Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун жаңыланган рейтинги жарыяланды.
Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Рейтингге ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 210 команданын ичинен 95-орунду сактап калды.
ФИФАнын рейтинги боюнча командалар Азия кубогу-2023 финалдык этабынын алдындагы чүчү кулакта тайпаларга бөлүштүрүлөт.
Эске салсак, “Ак шумкарлар” Бишкекте өткөне Азия кубогуна тандоо оюндарына катышып, экинчи орунду камсыздаган.