Кыргызстанда доллар өз позициясын жоготуусун улантууда

Кыргызстанда доллар өз позициясын жоготуусун улантууда. Жума башынан бери ал күн сайын дээрлик 1 сомго арзандап, учурда 75тен дагы төмөн түштү. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар америкалык валютаны 74 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 74 сом 60 тыйынга сатышууда.

 

Эске салсак, марттын аягында 2-3 жыл туруктуу 69 белгисинде сакталып келе жаткан доллар кескин кымбаттап, бир күндө эле  85 сомго жеткен болчу. Улуттук банк валюта серпилүүсүн жөнгө салуу үчүн бир нече интервенцияларды өткөргөн.