Бүгүн юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

Бүгүн юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын

тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу аймактык салык органдары декларацияны түнкү

саат 12ге чейин кабыл алышат. Декларацияны өз убагында тапшырбаган

юридикалык жактарга 1миңден 5 миң сомго чейин айып салынат.

Кошумчаласак, кирешеси тууралуу отчетторду бардык физикалык жактар,

мамлекеттик кызматкерлер жана жеке ишкерлер  1-апрелге чейин бериши керек.