Аба-ырайы дүйнөнү таң калтырууда

Аба-ырайы дүйнөнү таң калтырууда. Кечээ Дубайдын чөлдөрүнүн биринде мөндүр аралаш катуу жаан жаады. Кызыгы, мындай жаратылыш кубулушу Шарджа эмирлигиндеги 40 градустук ысыкта катталды.

 

Быйыл Перс булуңунун өлкөлөрүндө күтүүсүз окуялар орун алууда. Алсак, июлда Араб Эмирлигинде акыркы 27 жылдан берки алгачкы нөшөрлөгөн жаан жааган.